Карылыкка каршы дары чыкканын жарыялашты

Автор

АКШнын Гарвард университетинин илимпоздору адамдын денесиндеги картаюу процессин токтото ала турган дарыны тапканын Daily Mail басылмасы жазды.
Изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Дэвид Синклэрдин айтымында, бул препарат лабораториялык чычкандарда гана сыналган, бирок адамда сыноо кийинки жылы башталат.
Дарынын курамына бир нече жылга созула турган жашартуучу таасири бар алты химиялык кошулма кирет.  Анын жаратуучулары анын жардамы менен картаюунун сырткы көрүнүштөрүнөн гана эмес, ошондой эле жаш куракка байланыштуу көптөгөн оорулардан да арылууга болот деп үмүттөнүшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы жеңиши үчүн канча алат?

Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдагы күрөш боюнча төртүнчү рейтинг боюнча турнирдин жеңүүчүсү болду. Турнир 13-16-июль күндөрү Будапештте өттү. Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 5 жеңишке жетип, 1-орунду ээледи. Бул үчүн ал алтын медаль жана 1500 швейцариялык франк же болжол менен 140 000 сом  акчалай сыйлыкка ээ болду.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн