Карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн кызмат ишке кирди

Автор

Мамлекеттик салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди.
Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат.
Ошондой эле бул кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан же төлөм терминалдарын издөөдөн жана туура эмес төлөө тобокелдиктеринен бошотот.
Бул электрондук кызматты колдонуу үчүн салык төлөөчү Cabinet.salyk.kg сайтындагы » Салык төлөө» модулунан «Карызды текшерүү жана салыкты төлөө» бөлүмүн тандоо керек. Ушул бөлүмдөгү төлөм коду боюнча же QR-коду аркылуу төлөй алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир айда 8 миңден ашык жер титирөө болду

Алматыда 23-январдан бери 8 миңден ашуун жер титирөө катталса, анын 20сы гана байкалды. Шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендирүүдө. “23-январдан бери биздин станциялар 8 миңден ашык жер титирөөнү каттады. Анын 20сы гана шаар тургундары жана коноктору үчүн сезилерлик болгон. Чочулоого эч кандай негиз жок”,-дейт Сейсмологиялык байкоолор жана изилдөөлөр […]

Сизге жагышы мүмкүн