Стамбул шаарынын мэри Экрем Имам уулу Бейликдүзү кичи шаарчасында кароосуз калган айбанаттар үчүн башкалкалоочу жай уюштурду. Эми үй жаныбарлары көчөлөрдөн топтолуп, жумшак, жылуу жайга жайгаштырылат. Мэрдин мындай аракети дүйнө коомчулугунун мактоосуна арзыды. Экрем Имам уулу үстүбүздөгү жылдын 31-мартында өткөн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча шайлоодо атаандашын жеңилүүгө учуратып, экинчи мөөнөткө шайланган. Ага Стамбулдун 51.14 пайыз шайлоочусу добушун берген.