Карнавалдын биринчи күнүндө 90 киши камалды

Автор

Лондон полициясы Ноттинг-Хилл районунда өткөн Кариб карнавалдын биринчи күнүндө 90 адамды кармаганын билдирди.
Полициянын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө айтылгандай, карнавалдын биринчи күнүндө 15 полиция кызматкери жабыркаган.
“Азыркы учурда токсон адам кармалды”,-деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Кармалгандардын көпчүлүгү же 18 учур, кооптуу курал сактагандыгы үчүн айыпталган. Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлерине кол салгандыгы үчүн он адам кармалган. Карнавал учурунда үч бычактоо окуясы да катталган.
Кариб карнавалы Ноттинг-Хилл районунда 1966-жылдан бери август айынын акыркы дүйшөмбүсү жана ага чейинки жекшемби күндөрү өтөт. Карнавалдын баштапкы максаттарынын бири көп улуттуу жамаатты бириктирүү жана расалык кагылышууларды токтотуу болгон. Бирок карнавал кылмыштуулук, баңги заттарын колдонуу, таштанды жана жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырган ызы-чуу менен коштолуп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-сентябрда ишке киришет

Келерки жуманын башында Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары эс алуудан кайтып, ишке киришет. Алгачкы сессия өз ишин 2-сентябрда баштайт. Эл өкүлдөрү адаттагыдай эле дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Жогорку Кеңештин профилдик комитеттериндеги жыйындарын өткөрүлөт. Шаршемби жана бейшембиде парламенттин жыйыны, жума күнү, парламенттик фракциянын жыйындары өтөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн