Москвадагы “Крокус Сити Холл” окуясы боюнча кармалышкан 4 тажик жаранынын үчөө камакта көз жумганы соцтармактарда маалымдалууда. Белгилүү болгондой, орус коомчулугу каргашалуу окуяны катуу талкууга алып жатышат. Ал эми кармалгандардын соттук отурумга чейинки сурак учуру, кыйноолору, жалынган үндөрү дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурду.
Кээ бир телеграмм каналдарында кыйноолордун болжолдуу түрү айтылып жатат. Анда бирине пакет кийгизип тумчуктурганы, биринин кулагы кесилгени, биринин көзү, бирөөсүнүн жаагы жабыркаганы айтылууда.