Карлсон: АКШнын Киевдеги элчилиги Зеленскийге маек берүүгө тыюу салды

Автор

Киевдеги АКШнын элчилиги Владимир Зеленскийге америкалык журналист Такер Карлсонго маек берүүгө тыюу салганы тууралуу кабарланды. Бул тууралуу баяндамачы Х социалдык тармагында билдирүү жасады.
“Биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасы сарпталып жаткан Киевдеги америкалык элчилик Украинанын өкмөтүнө маек бере албайсыңар деди”,-деп жазды журналист өзүнүн билдирүүсүндө. Анын айтымында командасы бул маселени чечүү үчүн ар кандай жолдорду караштырышкан. Украиналык саясатчынын айланасындагы көп адамдар менен сүйлөшүшкөн. Бирок алардын аракеттерине АКШнын өкмөтү тоскоолдук кылган.
Карлсон белгилегендей, ал Зеленскийден маек алууга бир жылдан ашык убакыттан бери аракет кылып келет.
Буга чейин Такер Карлсон кыш мезгилинде Путинден маек алган. Бул жолу Москвага РФнын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү үчүн келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Кадамжай шаарындагы “Улукман” медициналык борборунда жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна заманбап аппараттардын жардамы менен тамыр аркылуу операция кылынды. Мында бейтаптын денеси хирургиялык жол менен кесилбегендиги менен өзгөчөлөнүп турат. “Улукман” медициналык борборунун директору Залкар Баймуратовдун айтымында, учурда бейтаптын […]

Сизге жагышы мүмкүн