Каржы пирамидасына боюнча 358 иш тергелди

Автор

2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.
Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.
Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ал эми салыштырмалуу азыраак бөлүгү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бокс тарыхындагы эң чоң гонорар

Дүйнөдөгү бокс тарыхындагы эң чоң гонорарды Флойд Мейвезер 180 миллион доллар, ал эми Пакьяо 120 миллион доллар алган. Бокс күйөрмандары бул беттешти сегиз жылдан бери күтүп келишкен. Мейвезер адаттагыдай сарамжалдуу күрөш тактикасын колдонгон. Мындай маанилүү беттеште анын позициясын кескин өзгөртөт деп күтүүнүн кереги жок болчу. Пакьяо курчутууга аракет кылды, бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн