Украина 2027-жылга чейин 110 миллиард доллар тышкы жардам алышы керек. Евробиримдик убада кылган 50 миллиард евро муктаждыктардын жарымын да жаба албайт. Мындай пикирин Украинанын каржы министри Сергей Марченко билдирип, Киев Вашингтондон колдоо күтүп жатканын баса белгиледи.
«Еврокомиссия Украинага 2027-жылга чейин 50 миллиард бөлөт. Бул бюджеттик жардамга муктаждыктын 45 пайызын, калыбына келтирүүгө шашылыш колдоо көрсөтүүнү камсыздайт. Бул 110 миллиард долларга бааланат. ЕБдин каражаттары жетишсиз, Киев АКШ сыяктуу негизги өнөктөштөрдү жигердүү тартууга ниеттенүүдө»,-деди министр.
Евро-2023 (U-21): Европа чемпионатынын эң кымбат футболчулары аталды
Жум Июн 23 , 2023