Кара өрүк темирге бай, анын жетишсиздиги анемияга, кандагы гемоглобиндин азайышына алып келет. 100 гр кара өрүктүн курамында 2,1 мг темир бар. Тамакты сиңирүү үчүн абдан жакшы. Белгилей кетчү нерсе, бул жемиш ич катуунун алдын алуу болуп саналат, ал жумшак табигый жол менен перистальтикасын стимулдайт.
Мындан тышкары кара өрүк компоту организмди ашыкча холестеролдон арылтат. Ал эми калийдин көптүгүнөн улам, кара өрүк компоту адамдын организминен суу менен аш тузун кетирет, ошондуктан бөйрөк жана өт ооруларына да абдан пайдалуу болот.