Кара-Суу шаарында ири футбол стадиону курулат

Автор

Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионун азыркы абалы менен таанышуу учурунда билдирди.
Камчыбек Ташиев эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен Эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын коюп, иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.
Белгиленгендей, стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Түмөнбаев: ЖК депутаты: "Эркекче айтканда, эч кимдин духу жетпей жатат"

“Бүгүн мамлекетибизде туура эмес курулуп жаткан курулуштар буздурулуп жатат. Ал эмес Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз курулган камоктордон бери алынды. Мына, Кожомкул спорт ордосунун унаа токтотуучу жайына үй куруп алган. Акүйдүн жанындагы паркка көп кабаттуу турак үй курган. Буларды ким курганын баарыбыз эле жакшы билебиз”,- деп билдирди депутат Акылбек Түмөнбаев. Бул курулуштардын […]

Сизге жагышы мүмкүн