Кара-Суу районунун акиминин орун басары эки айга кармалды

Автор

Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде 1-сентябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
Акимдин орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 26-октябрга чейин камакка алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина Монголияны коркутту

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Путиндин сапары үчүн Монголияны коркутту. ТИМдин өкүлү Георгий Тихий Монголия эл аралык укукту бузуп жатканын жана жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты. Ал Монголия президенти Ухнагийна Хурэлсухтун чечимин «оор сокку» деп атап, бул Улан-Батор үчүн «жыйынтыгы» болорун убадалады. Путин 3-сентябрда Монголияга советтик жана монгол аскерлеринин Японияны Халкин-Голдо жеңгендигинин […]

Сизге жагышы мүмкүн