Кара-Суунун акими алмашты

Автор

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин ордуна Канат Табалдиев келди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖОЖдорго тандоонун акыркы туру башталды

Бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн