Кара-Сууда 890 млн сомдон ашык турган жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында “Тураталы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү болгон жалпы 4,93 гектар жер тилкесинин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди.
Прокуратура мыйзам бузууларды четтетүү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында сот органдарына доо арыздарды келтирип, сот арыздарды толук канааттандырган.
Анын негизинде райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун наамына прокурордук талап келтирилип, жыйынтыгы менен базар баасы 890 млн 985 миң 950 сомго бааланган 4,93 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан 13.8 тонна алтын сатты

Кыргызстан 2024-жылдын 10 айында сырткы өлкөлөргө 14 тоннага жакын алтын сатты. Анын суммасы 91 млрд 884 млн 391 миң сом, же болбосо, 1 млрд 064,4 млн доллар болду. Алтын өткөн жылдарга салыштырмалуу 7 пайызга көп сатылганын, ал эми андан түшкөн киреше 32 пайызга көп болгонун Улуттук статистика комитети маалымдады. Белгилүү […]

Сизге жагышы мүмкүн