Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

Автор

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды.
Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча “К.Б.”ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кетип, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылган. Буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкен.
Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.
Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Аялдар менен эркектердин эс тутумунун айырмасы айтылды

Эркек менен аялдын эс тутумунун айырмачылыктары тууралуу психолог айтып берди. Анда эркектер маалыматтын маңызын, ал эми аялдар майда-чүйдөсүнө чейин эстейт деген пикирлер бар. Бирок, көп сандаган эксперименталдык изилдөөлөр боюнча, жыныстар ортосундагы эстутумда эч кандай ишенимдүү олуттуу айырмачылыктар табылган эмес. Эркектерде мейкиндик эс тутуму жакшыраак, ал эми аялдарда сенсордук эс тутум […]

Сизге жагышы мүмкүн