“Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл” күмүш тыйыны чыгарылды

Автор

Улуттук банк бүгүн, 20-августтан тарта «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан. Ал эми тыйындын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан.
Монетанын өзгөчөлүктөрү:
Аталышы – Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл
Номиналы – 10 сом
Металлы (сапат белгиси) – Ag 925
Кошумча технология – түстүү басма
Диаметри (мм) – 38,61
Салмагы (г) – 28,28
Сапаты – Proof
Нускасы (даана) – 1000
Белгиленгендей, «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Грек жаңгагынын пайдалуу касиеттери

Грек жаңгагы – балкан жана түштүк-батыш Азиядан келген жаңгак тукумундагы дарактардын мөмөсү болуп саналат. Ал аш болумдуу жана тамак жасоодо кеңири колдонулган жегенге жарамдуу дандары менен белгилүү. Жаңгактын пайдалуу касиеттери: 1. Азыктуулук баалуулугу: Жаңгак белок, клетчатка, витаминдерге (өзгөчө Е жана В витаминдерине) жана магний, фосфор жана цинк сыяктуу минералдарга бай. […]

Сизге жагышы мүмкүн