Кара-Кулжада 25 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Кара-Кулжа районунда 25 млн сомдук 50 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 50 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.
Аталган соттук актылардын негизинде Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгы менен 25 млн 50 миң 750 сомдук 50 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ростовго чабуулдарга жооп иретинде Киевге сокку урулду

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Коопсуздук кызматынын башкаруу пунктуна жана Киевдеги “Луч” конструктордук бюросуна сокку жасалганын маалымдады. Чабуулдун максатты ишке ашып, бардык объекттер жок кылынган. Министрликтин билдирүүсүндө бул чабуул Ростов облусундагы “Каменский комбинаты” ишканасына Украина тарабынан жасалган ракеталык соккуга жооп катары болгондугу маалымдалды. Аскердик мекеменин маалыматы боюнча, Киевдеги “Луч” конструктордук бюросунда […]

Сизге жагышы мүмкүн