Кара –Кулжада унаадагы 1 киши куткарылып, 4нү сел агызып кеткен

Автор

Кара –Кулжада унаадагы 1 киши куткарылып, 4нү сел агызып кеткен
Кечээ, 30-июнда Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл айылында катуу сел жүрүп, анын кесепетинен төрт адам көз жумду. Анын үчөөнүн сөөгү табылып, бирөөнүн сөөгү изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Болжол менен кечки саат 20:00 да Жетим-Дөбө айылындагы Абышка-Ооз тилкесинде саат 22:00 дө Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селге туш болгон.
Унаада 5 адам болуп, алардын бирөө аман калса, 4 кишини сел агызып кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, 3-июль күнү өлкөбүздө Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассистин расмий сапары башталат. Эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү жана алакаларын чыңдоо багытын көздөгөн сапарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат. Расмий сапардын алкагында Швейцариянын Кыргызстанга 1994-жылдан берки жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык колдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн