Кара-Балтадагы автобекет мамлекетке кайтарылды

Автор

Кара-Балта шаарындагы баасы 209 млн сомдон ашык автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү органдарынын жооптуу адамдары тарабынан Кара-Балта шаарынын автобекети 0,60 га жер тилкеси жана курулушу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен бааланган наркы 209 млн сомдон ашкан объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Азыркы учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат. […]

Сизге жагышы мүмкүн