Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуучулардын саны арбыды. Айрыкча, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоодо үч талапкер ортосунда кырчылдашкан күрөш жүрөөрү божомолдонууда. Алар Нурбек, Айбек Осмоновдордун жакын тууганы делген Ильич Эргешов, Ош шаардык Кеңешинин учурдагы депутаты Бекболот Арзибаев жана Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын директору Бекмурза Эргешовдор. Бирок, азыртан эле Бекмырза Эргешовдун сүрөөнчүлөрү көп болуп, колдоочулары күчтүү экендиги эл арасында айтылып жатат.
Ал 1974-жылы Алай районунда туулган. Карате федерациясынын Оштогу президенти.