Ош окуясынын баштоочуларынын бири делген Караматхон Абдуллаева УКМК кызматкерлери жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Караматхон Абдуллаева ушул жылдын 22- апрелинде кылтакка илинген. Ага 2010-жылдагы июнь коогалаңынын баштоочуларынын бири катары айып тагылып, сыртынан соттолгон.