“Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземи аба ырайына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара аба ырайына байланыштуу эртеңкиге жылдырылган.
Буга чейин “Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөөрү маалымдалган.
Эске салсак, 8-декабрда “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын техникалык учуусу Бишкек-Каракол каттамы боюнча аткарылган. Жакында эле Каракол шаарындагы аэропортто реконструкциялоо иштери аяктаган.