Караколдогу эл аралык аэропорт ачылды

Автор

Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанатуу түрдө ачылды.
Аба майдандын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, облус жетекчиси Уланбек Далиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чарада Садыр Жапаров союз тарагандан кийин аэропорттор иштебей калып, ички каттамдар токтогонун белгиледи.
“Каракол” эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Шаарга жаратылышыбызга суктанган туристтер көп келет. Эми биз эшигибизди кенен ачып, аларды тосуп алууга даярбыз”, – деди өлкө башчысы.

Аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ парламентте январда каралат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айынын ортосунда киргизилерин айтты. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирди. «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толук такталып, макулдашып бүтүрдүк. Бүгүн, 11-декабрда картографияны сызып даярдай баштайбыз. Мен да бүрсүкүнү Тажикстанга […]

Сизге жагышы мүмкүн