Карабактан 2 миңден ашуун жай тургун көчүрүлдү

Автор

Россиянын бейпилдик контингенти Тоолуу Карабактын карапайым калкын эң кооптуу аймактардан көчүрүүнү, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда. Россиянын Коргоо министрлиги 20-сентябрда билдиргендей, буга чейин 2 миңден ашуун жай тургун эвакуацияланган. Алардын 1049у балдар.
Бардыгы убактылуу жатакана жана ысык тамак менен камсыздалган. Мындан тышкары, атайын багыттагы медициналык бөлүмдүн дарыгерлери жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдан 18 мобилдүү клиника алынып келди(сүрөттөр)

Кытайдан 18 даана  мобилдүү клиника алынып келди.  Бул  мобилдүү клиника  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам иретинде белекке берилген. Учурда  аларды борбордук аянтта жайгаштырып жатат. Биздин кабарчыбыздын билдиргенине караганда мобилдүү клиника бир канча атайын палаткалардан турат.  Жуманын соңунда министрлер кабинеттинин төрагасынын катышуусунда расмий түрдө тапшыруу салтанаты өткөрүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн