Каныбек Туманбаев: “Бишкек шаарында жаңы автобекет курула баштады”

Автор

Бишкек шаарында жаңы автобекет курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ага чейин Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланып турууга автобекет даярдаган.
“Урматтуу туугандар, Бишкек шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!”-деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар.
Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар урматтуу президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар”, – деп жазды ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Албаниянын Тирана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 28-31-октябрь күндөрү өтөт. Грек-рим күрөшү курама команданын тизмеси: 55 кг Улан Муратбек уулу; 63 кг Дастан Кадыров; 72 кг Ийгилик Сатымкул […]

Сизге жагышы мүмкүн