Канцлерликке талапкер Фридрих Мерц Киевге келди

Автор

Германиянын канцлерлик кызматына талапкер, Христиан-демократиялык союзунун (ХДС) лидери Фридрих Мерц жарыяланбаган сапар менен Киевге келди. Ал жерде Владимир Зеленский менен жолугаары күтүлүүдө.
Өткөн жумада Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевге барган. Aнын сапары Мерцтин сапарынын алдында пландалган.
Мерц алдыдагы Германиядагы шайлоолордо Шольцтун негизги атаандашы болуп эсептелет.
Буга чейин Мерц канцлер болуп шайланса, Россияга Украинанын инфраструктурасына чабуулдарды 24 сааттын ичинде токтотуу боюнча “ультиматум” коюуга даяр экенин айткан. Эгер мындай талап аткарылбаса, Киевге Taurus ракеталарын жеткирүүнү сунуш кыларын билдирген.
Өз кезегинде, Шольц шайлоо алдындагы алгачкы сөзүндө Мерцке кайрылып, Киевге ракета жеткирүү жана Россияга каршы алыска атуучу куралдар менен сокку уруу маселесинде Германиянын коопсуздугу менен ойнобоого үндөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Москва темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жанданат

Бишкек-Москва багыты боюнча темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. “Мисалы 45 күнгө чейин билетти алдын ала сатып алууда 20 пайыздык арзандатуу берилет, 31 күнгө чейин 15 пайыз, ал эми тез арада […]

Сизге жагышы мүмкүн