Кант шаарында амфитеатр курулат

Автор

Кант шаарына курула турган амфитеатрдын эскиздик долбоору сунушталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Чүй региналдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына караган Ысык-Ата районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыкты.
Учурда эскиздик долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталууда.
Белгиленгендей, долбоор калкты тейлөө, паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында даярдалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 14-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 90 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн