Кантты импорттоого тыюу салынабы?

Автор

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мында негизи максат – жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү, дыйкандарды колдоо жана кийинки жылы дагы кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, сапатын арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. “Мамлекет тарабынан ар дайым дыйкандарды ар тараптуу колдоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, маанилүү чечимдер кабыл алынат”, – деди ал.
Мындай чечим 2024-жылдын 13-декабрында КР Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого/экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынган.
Быйыл кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болду. Аталган көрсөткүч 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгынан кабар берет.

Бөлүшүү:
Next Post

«Жаштык» сейил багында муз аянтчасы ачылды

Бишкекте «Жаштык» сейил багында муз аянтчасы ачылды. «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы кышкы спорттун сүйүүчүлөрүн «Жаштык» паркында жайгашкан жаңы муз аянтчасында муз жана чана тебүүгө чакырат. Муз аянтчасы бардык каалоочулар үчүн ачык жана акысыз. Эс алуучулар конькилерди ижарага алса да болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн