Ак канттын баасы 2011-жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлдү. 11-апрелде биржада баа тоннасына 705,5 долларга жеткен.
Bloomberg белгилегендей, Индиядан кант экспортунун кыскарышы, ошондой эле башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Таиланддан жана Пакистандан ташып келүүнүн азайышы баанын көтөрүлүшүнө себеп болгон. Мындан тышкары Бразилияда бензиндин кымбатташынан улам кантты эл аралык жеткирүү азайып баратат.