Кантта мыйзамсыз менчиктештирилген автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды

Автор

Кант шаарында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып «Каниет» ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң 388 сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы (автостанция) өткөрүп берген.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп

Жасалма интеллекттин маалыматы боюнча дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп жарыяланды.Бул китептер миллиондогон нускаларда сатылган жана көптөгөн тилдерге которулган, окурмандар арасында кеңири жайылган. Дүйнөдө эң көп окулган 10 китеп төмөнкүлөр: 1. Курани Керим – Ислам дининин негизги ыйык китеби. 2. Библия – Дүйнөдө эң кеңири таралган жана окулган диний текст. […]

You May Like