Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камакта калды

Автор

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМК тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду.
Атайын кызмат саясатчыга козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, Канат Исаев 20-ноябрда атайын кызмат тарабынан кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден согушту токтотуу планын сунуштады

АКШ президенти Жо Байден Газа секторунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча жаңы планын сунуштады. Бул жаңжалды токтотуунун эң жакшы жолу деп эсептейт. Бул тууралуу Reuters маалымдады. «Бул согушту токтотуп, эртеси күндү баштоо убактысы келди»,-деген Байдендин сунушу үч этаптан турат. Биринчи этапта алты жумага созулган ок атышпоо режими башталышы […]

Сизге жагышы мүмкүн