Канадалык министр жарандарын Ирандан чыгып кетүүгө чакырды

Автор

Канада Тышкы иштер министри Мелани Жоли жарандарына Ирандан тез арада чыгып кетүүгө чакырды.
Бул чакырык Канаданын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун же Ирандын элиталык аскер бөлүктөрүн террористтик уюмдардын тизмесине киргизүү чечиминен кийин айтылды.
“Бүгүнкү чечимге байланыштуу негизсиз кармоо коркунучу жогорулады. Ошондуктан Иранда жүргөн бардык жарандарга кайрылам – үйгө кайтуунун убагы келди”,-деп билдирди ал.
Министр бардык канадалыктарды Ислам Республикасына баруудан алыс болууга чакырды жана Оттава миңдеген жогорку ирандык аткаминерлерди, анын ичинде КСИР мүчөлөрүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алганын кошумчалады.
Ал белгилегендей, учурдагы жана мурдагы ирандык аткаминерлер учурда Канадада жүрсө, тергөө иштерине тартылышы же өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖКнын 7-чакырылышы элдин эсинде эмнеси менен калат?

ЖКнын 7-чакырылышы эмнеси менен элдин эсинде калаары айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди. “Биздин 7- чакырылыш элдин эсинде “колдоп коелу, талкуулабай эле коёлу” деген менен калдык. Андай болсо, тарап эле кетпейлиби”,- деди “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев. “Бизди нотариалдык кеңседен айырмаңар жок […]

Сизге жагышы мүмкүн