Камчы Ташиев, УКМК төрагасы: “Раим Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илинген”

Автор

“Раим Матраимовду алгач кармаганыбызда алар 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Биз аларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Токтоткула, мыйзам менен жашагыла дедик. Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра бажыга аралашып, мурдагыдан да көп уурдай башташты”,- деди УКМК төрагасы Кара-Суудагы актив менен болгон жолугушууда.
Раим Матраимовдун мафиясы криминал менен достошуп, ишкерлерди да коркутуп башташканын, мамлекет мындай мыйзамсыз аракетке чара көрүүгө мажбур болгонун, жыйынтыгында Камчы Көлбаев жок кылынып, Матраимовдор качып кеткенин айтты.
“Аны, 4 бир тууганы менен Бакудан кармап келдик. Агасы депутаттыктан кетти. Алар менен мамилеси бар, бардык мамлекеттик кызматкерлерди тазаладык, азыр дале тазалап жатабыз. Бул жерде силер бизге сунуш берип, аны менен байланышы барларды айтышыңар керек. Аким, губернатор катуу иштеши керек. Эч ким эч кимди сактап калалбайт”,-деди УКМК төрөгасы.
Бүгүнкү күндө Раим Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илингенин айтып, “эгер ушулар уурдабаганда стадиондор, мектептер, жолдор ж. б обьектилер оңдоп түзөөдөн өтүп, күчсүз болбойт элек”, – деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-18-майда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн