“Биз Көлбаевдин үй-бүлөсүнө жана тууган уругуна тийбейбиз, алар мыйзамды бузбай жашашса. Мына, аялына ресторанын жана машинесин , үч кызына үч батирин, эки баласына 2 батир, 2 жер участогун, техникалык кароо боюнча ишканасын бердик. Калган мүлктөрү жалпысынан мамлекетке өттү”,- деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.