Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча электрондук аукционго катышууга чакырат. Бул тууралуу 21-ноябрда Мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул унаалардын ээси министрлер кабинети экени белгиленген. Сатып алуу сом менен жүргүзүлөт.
Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь саат 10:00.
Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат.
Мамлекеттик агенттик бул унаалар Камчы Көлбаевдин конфискацияланган мүлкүнүн бир бөлүгү экенин билдирди.
Аукционго коюлган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар:
- BMW ALPINA XB7, 2021, кузов № WAPBG0700NPM50140
– Баштапкы наркы – 18 000 000 сом ($201 979,85)
– Электрондук аукциондун кадамы – 30 000 сом
- HYUNDAI GENESIS, 2019, кузов № KMHG141DDKU068624
– Баштапкы наркы – 2 800 000 сом (31 419,09 доллар)
– Электрондук аукциондун кадамы – 20 000 сом
- KIA RIO X-LINE, 2019, кузов № Z94C351BBLR084890
– Баштапкы наркы – 1 150 000 сом (12 904,27 доллар)
– Электрондук аукциондун кадамы – 10 000 (он миң) сом
- MERCEDEC-BENZ S600, 2017, кузов № WDD2229761A323124
– Баштапкы наркы – 25 500 000 сом ($286 138,12)
– Электрондук аукциондун кадамы – 30 000 сом
- MERCEDEC-BENZ G500, 2013, кузов № WDB4632361X205250
– Баштапкы наркы – 5 400 000 сом ($60 593,96)
– Электрондук аукциондун кадамы – 20 000 сом
- TOYOTA LAND CRUISER PRADO, 2005-ж., кузов № JTEBZ29JB00060139
– Баштапкы наркы – 1 250 000 сом ($14 026,38)
– Электрондук аукциондун кадамы – 10 000 сом