Камчыбек Ташиев: “90-жылдардагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер кайтарылат”

Автор

Арзан акчага жана коррупциялык жол менен менчиктештирилген 90-жылдардагы объекттерди мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ал бай адамдардын мүлкү тизмеленип, анын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынарын айтты.
«Мурдагы башаламан заманда элдин байлыгын, көптөгөн ишканаларды арзан акчага сатып алышып, же коррупциялык жол менен менчиктештирген. Алар элдин мүлкүн ээлеп алып, 30 жылдан бери бай болуп жүрүшөт. Анын барын тартипке салыш керек. Ал элдин байлыгы. Тизмеге салабыз. Бир нече адам эмес, жалпы эл байыш керек», — дейт ал.
УКМК Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда 3 ири база кайтарылганын айтты.
«Алардын ордуна мектеп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйүн салабыз», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндө өлкөнүн түштүк аймагында жер титиреди

18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу пункттарда жердин силкинүүсү Арсланбаб жана […]

Сизге жагышы мүмкүн