Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, 2024-жылдын 23-декабрында жаран Нурзат Нуржановадан турак-жай менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылуу түшкөн.
Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.
Жолдошу мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.
Алар 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.