Камчыбек Ташиев 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев 3 ай аралыгында бүт шарты менен курулуп бүткөрүлгөн жаңы турак жайды жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда Чырмаш Молдояровдордун үй-бүлөсүнө тапшырды.
Чырмаш Молдояров Кара-Кулжа районунун тургуну. Бул үй-бүлөдө 10 бала бешөөсүнүн майыптыгы бар. Молдояровдор көп жылдан бери үй салууга чамасы келбей, жаңы тамга муктаж болуп келишкен. Мындан улам ушул жылдын март айында Камчыбек Ташиевге кайрылашкан.
Молдояровдорго жаңы үй бардык заманбап жашоо шарты менен тургузулду. Аталган үй-бүлөнүн кайрылуусуна жооп кылып, тез арада жаңы үй салып берген Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, чоң колдоо болгонун айтып, жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти

Бөлүшүү:
Next Post

Урсула фон дер Ляйен Киевге келди

Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен иш сапары менен Киевге келди. Ал сегизинчи жолку сапары кышкы жылытуу мезгилинин башталышына туш келгенин белгиледи. Киевдеги жолугушууларда фон дер Ляйен Украинада кышка даярдыкты талкуулаганы жатат. «Мен бул жакка Европанын колдоосун талкуулаганы келдим. Кышка даярдыктан тартып коргоо жаатына, Евробиримдикке кошулуу маселесинен тартып Жетилик […]

Сизге жагышы мүмкүн