Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салык системасындагы жемкорлук тууралуу айтып жатып, Салык кызматынын Бишкектеги төрт жетекчиси кармалганын айтты.
Алар мамлекеттик бюджетке 2-3 млрд сом зыян келтиргенин кошумчалады. Ошондой эле учурда териштирүү жүрүп жатканын, салык тутумундагы жогорку кызматтагы жетекчилер да кармалышы мүмкүн экенин айтты.
«Коррупция менен күрөшүүгө караганда, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү оңоюраак экен. Мен аны өзүм көрдүм, сездим. Азыр «бандиттик» ишти эч кыла албайт, качып жүрөт. Ал эми коррупция дагы деле уланып жатат. Жемкорлук жогорку деңгээлге жетти. Кечээ эле салык кызматынын Бишкектеги жетекчилерин кармадык. Алар бюджетке алдын ала эсептөөлөр боюнча 2-3 млрд сом зыян келтирген. Ошол эле учурда биз жөнөкөй соодагер, ишкерлерден салык төлө деп кыйнап атабыз. Өзгөчө ошол ЭТТН системасы боюнча коррупциялык жол түзүшкөн. Бул башталышы гана. Бүгүн, эртең дагы жогорураак кызматтагы жетекчилерди кармашыбыз мүмкүн. Бул мафиялык жемкорлук түзүлүш болуп калыптыр» , — деди УКМК төрагасы.