Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды

Автор

Бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасынын курулушун баштоого капсула салды.
Иш-чарада Камчыбек Ташиев Ысык-Көл обулусунда алгачкы ирет 5 жылдыздуу мейманкана салынып жаткандыгын белгиледи. Бул долбоорду ишке ашырууга 160 млн АКШ доллары тартылган.
Анын айтымында, ири инвестициялар Ысык-Көл облусуна гана тартылып жаткан жок, жакын арада Жалал-Абад облусунда аэропорттун курулушу башталат. Мындан сырткары, ал президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү 400 млн долларлык жаңы заводдун курулушуна капсула саларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 8 кабаттуу “Хан-Теңири” мейманканасы “Тамчы” аэропортунан 700 метр аралыкта жайгашкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 99 994 чарчы метрди түзөт, курулуш аянты — 48 476 чарчы метр.
Долбоорго ылайык, мейманканада президенттин номер, 100дөн ашык стандарттык номерлер, бассейн, жыйындар залдары, спа-борбор, спорт аянтчалары, ресторан, унаа токтоочу жай болот.
Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Небере караган чоң ата, чоң энелерге акы төлөнөт

Швецияда чоң апалар жана чоң аталар неберелерин карагандыгы үчүн мамлекеттен акчалай жөлөкпул алышат. Тийиштүү мыйзам ушул жылдын жай айларында күчүнө кирди. Швециянын Социалдык камсыздандыруу агенттигинин өкүлүнүн айтымында, жаңы мыйзам ата-энелердин иши менен жеке жашоосунун ортосундагы тең салмактуулукту жакшыртууга жана гендердик теңчиликти алдыга жылдырууга багытталган. Мыйзамды сунуштаган министр Швециянын бул демилгеси […]

Сизге жагышы мүмкүн