Кыргыз футбол союзунун президенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Аталган уюмдун маалыматына караганда, шайлоо комитетинин жыйыны болуп, Кыргыз футбол союзунун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Президенттикке Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду. Аны «Талант» футбол клубу сунуштады.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен.
Эске салсак, 19-февраль күнү «Novotel» отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы Кезексиз Конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.