Камчыбек Ташиев футбол боюнча улуттук курама команда менен жолукту

Автор

«Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында Кыргызстан курамасынын машыгуусу болуп өттү. Машыгуунун алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.
10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши болот.
Ал эми буга чейин 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын Исфахан шаарында ирандык футболчулары менен ойношуп, 1:0 эсебинде утулуп калган. Бирок бул оюн кыргыз курамасынын деңгээли жогорулап бара жаткандыгын көрсөттү.
Алдыда келе жаткан Өзбекстандын командасы менен боло турган беттештен кыргызстандык футбол күйөрмандары жеңишти гана үмүт кылышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 9-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 20 тыйын болсо, сатуу 84 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн