“Мурда кээ бир өлкөлөр эски-уску курал жарактарын жардам иретинде жөнөтүп койчу. Азыр биз жаңы, эң акыркы үлгүдөгү курал жарактарды өзүбүз сатып алып жатабыз. Мамлекетибиз 2 жыл ичинде бутуна турду. Биз күчтүү мамлекетпиз”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ал өлкөнүн күч структурасын чыңдоого 2 млрд доллар каражат жумшалганын айтып, чек ара кызматы заманбап курал жарактар жана акыркы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылганын айтты.”Биз Коргоо министрлигин, ИИМди, чек ара кызматын мындан ары да чыңдайбыз. Мамлекет күчтүү болушу керек. Тартип болмоюнча өнүкпөйбүз. Ушул кезге чейин өлкөбүздү уурулар тоноп, жеп келишти. Эми мындай болбойт. Кыйын болушса, аракет кылып көрүшсүн. Биздин мыйзамдардын негизинде жазасын алышат”,- деп билдирди Камчыбек Ташиев.