Камчыбек Ташиев: “Түрмө пансионат эмес”

Автор

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга жооп берди. Бул тууралуу ал Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ташиев түрмөнүн шартарына чыдабаган адам мыйзам бузбашы керек экендигин белгилеп “Талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен тили менен буудай куургандар, мамлекетти тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жаза беришибиз керек. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Кээ бири азыр «түрмөдө бизди катуу кармап жатат» деп жатышат. Түрмө пансионат эмес. Түрмө деген түрмө. Ал ошол үчүн курулган. Ошого чыдабайбы мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шартарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кремль Ким Чен Ындын Россияга сапарын ырастады

Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Россияга келерин Кремль ырастады. Буга чейин Түштүк Кореянын маалымат каражаттары КЭДР лидери жеке поезди менен Владивостокту көздөй кеткенин жазып чыгышкан. Маалыматтарга караганда Алардын Ким Чен Ын менен Путиндин жолугушуусу 13-сентябрда болот. Вашингтон Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулай турганын болжолдоп жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн