Бүгүн, 31-октябрда Ноокат районунда төрт тилкелүү унаа жолдун ачылышы болуп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев, Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жана жоон топ чиновниктер катышышты.
Ачылуу аземинде Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, саясатчы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.
“Президентке сен кимсиң дептир? Эгер президентти сыйлай албасак кандай элбиз? Ал күнү-түнү Кыргызстан, кыргыз эли үчүн иштеп жатса, анан, биз аны тоготпой “сен кимсиң” деп бетине сүйлөп жатсак, кандай элбиз? Ушундай тартипсиздердин баарын жоопко тартып, президенттин элге кантип кызмат кылып жатканын көрсөтүп коюш керек. Ачык айтып коюшум керек, Мадумаров тилинин азабын дагы тартат. Тилинин азабын тартып, депутаттыктан кетти, элден чыкты. Эми дагы эле асылып жатат. Негизи, ар бирибиз тилибизди этият кылып, айткан сөзүбүзгө жооп беришибиз керек”,- деди УКМК төрагасы.
Мындан мурдараак президент “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, “Адахан алжыган байкуш” деген эле.