Камчыбек Ташиев: “Темирлан Султанбеков чоңоюшу керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берет”

Автор

“Темирлан Султанбеков менен Ирина Карамушкина биздин душмандарыбыз эмес. Алар мыйзам бузган жаран катары мыйзам алдында жооп беришет. Болгону эле ошол. Кыргызстандын эч бир жаранын биз душман катары көрбөйбүз”,- деди Камчыбек Ташиев депутат Сейит Атамбаевдин камактагы СДПК лидеринин абалы боюнча берген суроосуна жооп берип жатып.
«Султанбеков боюнча айтып атасыңар. Ал жаш бала, эрегишпегиле деп. Эгер ал жаш болсо, өзүн жаш баладай алып жүрсүн. Бирок, ал мамлекетти башкарам деп жатат. Силер башкара албасаңар кетип калгыла, мен башкарам деп атпайбы. Ал дагы өсүп, чоңоюшу керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берет”,- деди УКМК төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Каныбек Иманалиев: Чыңгыз Айтматовдун он эки керемети

Белгилүү коомдук ишмер, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда (19.10.2018-жыл) сүйлөгөн сөзү. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары эмнеси менен айырмаланып турат. Адегенде ушуга токтололу. Эң ириден жазуучу жазуучунун башкы каармандары тарыхый инсандар эмес, алар карапайым адамдар: Толгонай, Танабай, Сейде, Дүйшөн, Эдигей, Казангап, Арсен […]

Сизге жагышы мүмкүн