“Мен маалымат алдым. Сиз Республикалык Салык кызматын 14 ай жетектепсиз. Бирок, ошол 14 ай ичинде 1 да жолу план аткарылбаптыр”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Исхак Масалиевге.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Исхак Масалиев салык кызматын жетектеп турганда 5,6 млрд сом план аткарылбай калганын айтып, “сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген макалды эске салды.
“Мен сизди жаман адам дегенден алысмын. Бирок, биздин кылган эмгектерди сөз менен тебелеп, тепсеп таштабаң дегеним да. Балдар түнү, күнү иштеп жатканын унутпаш керек”,- деди ал.