Камчыбек Ташиев: “Салыкчылар бюджетке 2-3 млрд сом зыян келтиришкен”

Автор

“Мени мамлекеттик органдарда иштегендердин баары жаман көрөт. Азыр туугандардан, достордон, бала чакадан, бир туугандардан алыстап кеттим. Мен эч ким менен чай ичпейм, эч ким менен отурбайм, бирөө менен бир жакка барбайм, сүйлөшпөйм. Жалгыз гана ишими кылам. Анын үстүнө, көптөрү “сенин да ишиң бүтөөр”,- деп күтүп жүрүшөт”,- деди УКМК төрагасы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.
Ал УКМКнын кызматкерлери арасында деле туура эмес иштегендер бар экенин, аларды жоопко тартып, аскердик прокуратурага берип жатканын айтып, “арасында камакта отургандары бар. Мен аларды тазалашым керек, милдетим”,-деди УКМК төрагасы.
“Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү коррупция менен күрөшүүгө караганда оңойураак экен. Бандитмин дегендер азыр жок, алар качып жүрүшөт. Ал эми коррупция дале уланып, керек болсо, кайсы бир бийик кызматтарда жашап жатат. Мына, салык кызматынын жетекчилерин кармадык. Алар бюджетке болжол менен 2-3 млрд сом зыян келтиришкен. Кийинки күндөрү балким башка жетекчилер да кармалышы мүмкүн”,- деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Тумандан улам «Манас» аэропортунда аба каттамдары кармалууда

Бүгүнкү аба ырайына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту атайын билдирирүү таратты. Анда «Урматтуу жүргүнчүлөр! Коюу тумандан улам «Манас» эл аралык аэропортунда — Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул жана Ташкент аба каттамдары кармалып жатат. Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунда дагы — Ош-Стамбул, Ош-Екатеринбург, Ош-Домодедово, Ош-Шереметьво, Ош-Жуковский, Ош-Внукова, Ош-Эль-Кувейттин 2 […]

Сизге жагышы мүмкүн