Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактар менен таанышты

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышты.

Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты.

Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов жана тийиштүү жетекчилерге жеринен ыкчам тапшырмалар берүүдө.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев селден жабыркаган жергиликтүү тургундардан кабар алып, мамлекет тарабынан даректүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргыз спортчуларынын Олимпиада мелдештеринин жадыбалы

Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдештерге чыга турчу жадыбалы жарыяланды. Өлкө атынан оюндарга 16 спортчу катышмакчы. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча катышат. Олимпиаданын алкагындагы мелдештер 24-июлда башталат. Ал эми ачылыш аземи 26-июлга белгиленген. Кыргызстандык спортчулардын расписаниеси (Бишкек убактысы боюнча): 27-июль Сууда сүзүү Денис Петрашов, 100 […]

Сизге жагышы мүмкүн