Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш менен таанышты

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарлдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.
Ошондой эле келээрки жылдын планына Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.
Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кремль Пашинянга жооп кайтарды

Кремль Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) республикага коркунуч келтирет деген сөздөрү менен кескин түрдө макул эмес экенин билдирди. «Биз мырза Пашинян менен кескин түрдө макул боло албайбыз. ЖККУ Армениянын суверенитетине эч кандай коркунуч келтире албайт жана келтирген эмес. Тескерисинче, бул уюм мүчө-мамлекеттердин суверенитетин коргоодо турат. Бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн