Камчыбек Ташиев: “Мени эч качан коркута албайсыңар”

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, үй-бүлөсү менен жок кылабыз деген коркутуулар болуп жатканын билдирди. Кызыл папкеге салынган катты жана анын ичиндеги флешканы иш үстөлүнө чейин кимдер алып киргенин, кайсы орган кабыл алганын териштирилээрин, бул боюнча президент атайын тергөө группасын түзгөнүн маалымдады.
“Бир олигарктын мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөргөнбүз. Ошол олигарктын бир тыйынын да эч ким чөнтөгүнө салган эмес. Эми ошолор мага шарт кошуп, мамлекеттин карамагына өткөн мүлктөрүн кайтарууну көздөп жатышыптыр. Мен айтып коёюн, эч качан эч кимдин талабын аткарайын деген оюм жок. Мен өлкөмө, элиме кызмат кылгамын. Дале ошондой эле болот”,- деди Камчыбек Ташиев.
Ал “урматсыздар, дагы бир кайталап коёюн, мени эч качан коркута албайсыңар. Мени жок кылышың мүмкүн. Бирок, мендеги кыргыз духун эч качан жок кылалбайсың. Биз сөзсүз таап, коомчулуктун алдына алып чыгабыз. Же, чын эле ондогон куралчандарды даярдап, төңкөрүш уюштуруп, кан төгүүнүн аракетин көрүп жатышкандыр”,- деди.
Камчыбек Ташиев 2 күн иш сапарында болгон. Өлкөгө кайтып, таңкы саат 05:00 дө жумушуна келген. Келген каттарга көз жүгүртүп жатканда аталган папке иш үстөлүндө жаткан.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ кыргызстандык жарандарды Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө чакырды

КР Украинадагы элчилигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 20-ноябрында Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. КР Тышкы иштер министрлиги кайрадан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана зарыл болгон учурда кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт. […]

Сизге жагышы мүмкүн